27-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 585-чакырымында жол кырсыгы болуп, бир адам көз жумду. ИИМдин берген маалыматы боюнча, ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта бара жатып, оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Окуядан жеңил унаанын айдоочусу, 1971-жылы туулган М.Ф. аттуу жаран каза тапты. Ошондой эле жеңил унаада бара жаткан жүргүнчү Б.К. аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда Сузак РИИБи иликтөө иштерин улантууда.