Бишкекте коңшусун өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 23-август күнү Бишкек шаарындагы Ак-Бата жаңы конушунда болгон. Анда спирт ичимдигин ичип отурушкан 52 жаштагы К.Т. менен 45 жаштагы Т.Анын ортосунда уруш чыгып, бири экинчисин катуу сабап салган. Мунун кесепетинен 52 жаштагы жаран каза тапкан. Учурда кылмышка шектүү Т.А. кармалып, тергөө абагына киргизилди.