Бишкекте “унаа уурдаган” деген шек менен 26 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 26 жаштагы Н.Максат кайрылган. Анда 20-август түнү белгисиз адам токтоп турган унаасын айдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы С.Д. кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам тергөө абагына киргизилди.