Быйылкы жылдын алгачкы 7 айында Жол-кайгуул кызматынын 326 инспектору мыйзам бузган. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта маалымат жыйындын жүрүшүндө ИИМдин Өздүк коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчиси Скандарбек Көчөрбаев билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылдыкына салыштырмалуу 27,8 пайызга жогору, башкача айтканда, 2014-жылы 255 инспектордун мыйзам бузгандыгы аныкталган.
“326нын ичинен 7 кызматкерге кылмыш иши козголду. 5 кызматкер жумуштан четтетилген, ал эми дагы 13ү ээлеген кызматынан бошотулган. Калгандары тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Быйылкы жылы мыйзам бузган инспекторлордун санынын өсүшү ички иштер министри Мелис Турганбаевдин буйругу менен жүргүзүлгөн рейддик иш-чараларга байланыштуу. Көп учурда милиция кызматкерлери тарабынан өз каалоосу менен постту таштап кетүү, айдоочуларга орой мамиле жасоо жана башка бузуулар катталат”,- деди Көчөрбаев.