2015-жылдын 7 айында сибирь жарасына байланыштуу 10 учур катталды

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 25-августта өлкө аймагында 2015-жылдын 7 ай аралыгында сибирь жарасына байланыштуу 10 учур катталганын билдирди. Анын алтоосу Жалал-Абад облусунда болсо, төртөө Ош облусунда.
Маалым болгондой, Нарын облусунда 15-август күнү сибирь жарасына күмөндөлүп ооруканага жаткырылгандардын абалы туруктуу. Аларга тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө. Лабораториялык текшерүүдө эки адамда оорунун белгилери аныкталган. Окуя болгон аймакта Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик борбору иш алып барууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан