27-февралда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын - Ак-Тал -Чат - Казарман унаа жолунун 90-91-чакырымында көлөмү 3400 метр кубду түзгөн кар көчкү түштү. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, кар көчкү түшкөндө жолдо келе жаткан 3 унаанын жолу жабылып, 30 жүргүнчү өз убагында куткарылган. Учурда жол кардан тазаланганы кабарланды.