Сузак районунда кош бойлуу аялды коркутуп, 150 миң сом акчасын алып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өткөн аптада белгисиз жаран Ладан-Кара айылынын тургуну З.Алымбаеваны кош бойлуу экенине карабай таяк менен коркутуп, үйүндөгү 150 миң сом акчасын алып кеткен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү кармалган. Далил зат катары жанынан жогорудагы суммадагы акча алынып, ээсине кайтарылды.