Жылнаама, 26-август: Мындан 105 жыл мурун Тереза эне (мать Тереза) атка конгон Агнес Гонджа Бояджиу туулган

* Мындан 37 жыл мурун, 1978-жылы өз маалында Орто Азияда жападан-жалгыз адистешкен дүкөн эсептелген "Миң түркүн" соода түйүнү миллионунчу кардарды тейлегендигин билдирген. Миллионунчу кардарга электр самоору белекке берилип, атайын күбөлүк тапшырылган.
 
* Мындан 105 жыл мурун, 1910-жылы теги албаниялык болгон диний ишмер, “Нобель” сыйлыгынын лауреаты, Тереза эне (мать Тереза) атка конгон Агнес Гонджа Бояджиу македондук Скопье шаарында албаниялык жемиш сатуучунун үй-бүлөсүндө туулган. Ал 18 жашынан баштап кечилдик жашоону тандап алат. 1948-жылдын 16-августунда Рим чиркөөсүнөн уруксат алып, эркин кечилдикке өтөт. Аалам кезип кайрымдуулук кылууну максат кылат. Индия, Сомали өлкөлөрүн, Калькутта шаарындагы жарды аймактарды, тактап айтканда, эң булганыч, оору-сыркоо көп болгон жерлерди атайын тандап, адамдарга жардам берет. Дүйнөдө СПИД менен ооругандарга клиника ачкан биринчи адам да Тереза болгон. Анын иштери көпчүлүктүн көз жаздымында калбай, дүйнөнүн бардык бурчунан анын атына кайрымдуулук үчүн каражаттар агылып келе баштайт. Агнес Гонджа Бояджиу 20 чактыдай госпиталь куруп, 10 чакты балдар үйүн негиздеп, 50 миңдей адамды бага ала тургандай даражага жетет. 
1979-жылы Тереза энеге тынчтыктын "Нобель" сыйлыгы "Азап чеккен адамга жардам берүү ишмердиги үчүн" ыйгарылган, бирок ал салтанатка келүүнүн ордуна Бейрутка учуп кеткен. Анткени кандуу өрөөндөн 38 жаш баланы алып чыгып кетүү миссиясы аталган сыйлыктан ары жогору, ары сыймыктуу болгон. 
Агнес Гонджа Бояджиу 1997-жылы 5-сентябрда 87 жаш курагында каза болгон.
* Мындан 39 жыл мурун, 1976-жылы орусиялык ырчы, музыкант, композитор, ырлардын автору Земфира Орусиянын Уфа шаарында төрөлгөн. Ырчынын өз аты-жөнү - Земфира Талгатовна Рамазанова. 
Земфиранын аткаруусундагы бегилүү ырлар: "Ариведерчи", "Искала", "Трафик", "Прогулка", "Мы разбиваемся" жана "Без шансов". Земфира Орусиянын эң ийгиликтүү ырчыларынын катарына кирип, 2012, 2013, 2014-жылдары "Эхо Москвы" радиостанциясынын, "РИА Новости", "Интерфакс" маалыматтык агенттиктеринин жана "Огонёк" журналынын версиясы боюнча "Орусиянын 100 таасирдүү аялдарынын" бири деп табылган.
* Мындан 35 жыл мурун, 1980-жылы “Үйдө жалгыз” фильминдеги ролу үчүн дүйнөгө популярдуу болгон америкалык актёр Маколей Карсон Калкин Нью-Йорк шаарында туулган. Ал 4 жашында эле жарнамалык түрмөктөргө тартыла баштаган. 6 жашынан баштап фильм­дерге чакыруулар түшкөн. Анын тартылган фильмдеринин эң эле популярдуусу “Үйдө жалгыз” фильми. 
Маколей 6 жашынан 14 жашына чейин аб­дан көп тасмаларга тартылып, өзү­нө эле эмес, үй-бүлө­сү­нө жетерлик акча топтойт да, тасмага тар­тылуусун токтоткон. Ал ошол мезгилде мындан ары кино дүйнө­сү­нө такыр кайтып келбөөнү ойлойт. Бирок 2004-жылы, 10 жылдан кийин “Кеченин жырткычы” деген фильмге тартылуу менен актёрдук кесибине кайрадан кайрылып келген. 
* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы орусиялык модель, "Орусия сулуусу-2007", "Дүйнө сулуусу-2008" сынактарынын жеңүүчүсү Ксения Сухинова Орусиянын Нижневартовск шаарында туулган. Ал 2007-жылы "Орусия сулуусу" аталган соң, 2008-жылы 58-Эл аралык сулуулук сынагында "Дүйнө сулуусу" деп табылган. Ал эми 2009-жылы Ксения Сухинова Москвада өткөн "Евровидение" сынагынын жүзү болгон.
26-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан