Түркмөнстанда эл өлкө президентин 7 саат күтүп, мында 3 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары бүгүн, 25-августта жазып чыгышты.
Маалымат каражаттарында окуя 5-август күнү эле болгону, бирок тиешелүү маалыматтарды топтоп, тактоого ушунча убакыт талап кылынганы айтылат.
Маалыматка ылайык, Ашхабадда оңдоп-түзөөдөн өткөн спорттук турак жай өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусунда ачылмак. Мындай иш-чараларды өткөрүүдө көрүүчүлөрдү бир канча саат эрте алып келип, даярдык көрүлөт. Ошол күнү да саат 08:00дө баштала турган салтанатка элди 05:00гө чогултушкан. Ал эми президент иш-чараны ачууга саат 11:45те гана келген.
Кийин белгилүү болгондой, өлкө башчы алгач башка объектилер менен тааныша кетүүнү чечкен. Ал эми аны эл 7 саат бою күтүп, суу, тамак-аш жегенге жана дааратканага барганга шарт болгон эмес. Жыйынтыгында 50 адам турган жеринде эс-учун жоготуп жыгылган. Ал эми 14 адам, анын ичинен 5 өспүрүм президент келгенге чейин “Тез жардам” унааларына жаткырылган. Бирок андан ошол эле күнү 1 өспүрүм жана 2 чоң адам каза болгон.
Бул өлкөдө президенттин катышуусу менен өткөрүлгөн мындай иш-чаралар дээрлик бир нече чакырымга жолдун жабылышы менен коштолот жана мааракеге келгендер салтанат аяктаганга чейин турган жеринен жылбашы кажет.
Айта кетсек, Гурбангулы Бердымухамедов 5-августта кыргыз жерине расмий иш сапары менен келип, 6-август күнү өз өлкөсүнө кайтып кеткен эле.