Өкмөт жооп берет: 2009-жылы алган жериме быйыл үй салдым, салыкты кайсы учурдан тартып төлөйм?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: 2009-жылы Ак-Ордо жаңы конушунан жер алгам, Кызыл китеби бар. Ошол жерге быйыл там салдым, эми ушул үйгө «домовая книга» дегенди алышым керекпи? Аны каяктан алам? Салык дегени болчу эле, аны кантип, кайда төлөйм? Салыкты жерди алган күндөн тартып төлөшүм керек беле? Же там түшкөндөн баштап төлөймүнбү?

Жооп:Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, жердин менчик ээси же пайдалануучусу деп таанылган жерди пайдалануу укугу, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты, жер тилкени убактылуу пайдаланууга укук жөнүндө күбөлүк менен, жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк менен ырасталган субъект жер тилкеси пайдаланылгандыгына же пайдаланылбагандыгына карабастан, жер салыгын төлөөчү деп эсептелет.

Салык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган салык салынуучу мүлк менчигине ээ болгон уюм же жеке адам мүлк салыгын төлөөчү болуп саналат. Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде, жер жана мүлк салыктары укукту билдирүүчү документтерге ээ болуп катталган мезгилден баштап төлөнө баштайт.

Эскерте кетели, үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрына чейин жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу чарба жер тилкелери) төлөө зарыл. Аны бардык банк мекемелеринин кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм терминалдары жана интернет-банкинг аркылуу төлөсө болот. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 2000 сом суммасында административдик айып салынары каралган. Толук маалыматты 194 номуруна чалып билүүгө болот.

Суроого Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын коом менен байланышуу бөлүмү жооп берди. 

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
chynara-84
2015-08-26 01:46:39
Саламатсыздарбы Супер инфо гезитинин жамааты!Менин суроомо качан жооп келет,куто берип коп кун отуп кетти.Же мен туура эмес дарекке жазып алдымбы?Текшерип берип коюшунуздарды суранам?Туура эмес болсо башка адреске жазайын.
0
admin_portal
2015-08-26 11:40:14
chynara-84, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, тиешелүү бөлүмгө сурооңузда калтырып койсоңуз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=81.
Же болбосо kabar@super.kg дарегине "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө" деген аталыш менен сурооңузду жөнөтүп койсоңуз.
0
Abdyrashit.Satylganov
2015-08-26 20:45:36
admin_portal, Саламатсызбы? Менин (Саламаттыкты сактоо министрлигине берген суроомду эмнеге өчүрүп салдыңыздар) "Жашы жете элек өспүрүмдөргө тыюу салынган продукцияны саткан дүкөндөр мыйзамдуу түрдө кантип жооп бериши керек?" - деген суроо болчу....
0
admin_portal
2015-08-27 12:11:18
Abdyrashit.Satylganov, саламатсызбы!
Сиздин сурооңуз бул жакта: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=55724&view=findpost&p=2533624
Сурооңуз мурун бар тема менен бириктирилгени тууралуу купуя кат жөнөтүлгөн. Жооп алып бергенге аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан