Пенсионерлердин 1 миллион 870 миң сомун уурдап качып кеткен Мырзакматов Орусиядан кармалды

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы банктардын биринин мурдагы бөлүм башчысы, эл аралык издөөдө жүргөн Акмат Мырзакматов Санкт-Петербург шаарынан кармалды. Бул тууралуу 26-августта Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти. Ал "банктардын биринде бөлүм башчы болуп иштеп жүргөндө пенсионерлердин банкка сактаган 1 миллион 870 миң сом акчасын уурдап качып кеткен" деген шек менен кармалды. 

Мырзакматовго карата 2013-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (ыйгарылган мүлктү ээлеп алуу) жана 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. 

Анын кесепетинен 10дон ашуун пенсионер зыянга учураган. Алардын ар биринин банктык эсебинде 20 миң сомдон 500 миң сомго чейин акча каражаты сакталып турган. Мырзакматовдун качып жүргөндүгүнө байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтоп турган

Учурда аны кыргыз жерине алып келүү аракеттери жүрүп жатканы айтылды. 




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
sagyn01
2015-08-26 09:46:04
Бут эле ммк лар атайын резонанс жаратыш учун атын жазбай жатышат
+3
Mars55
2015-08-26 09:51:19
окшош екен арамиш
+7
Bekzamann
2015-08-26 10:29:51
Чын эле алгач атын жазсанар болмок.. Тен салмактуулукту сакташ керекда..
+3
Gulnur1980
2015-08-26 11:04:25
Журогум кынынан чыгып кетейин деди товввааа!!!Мелис акемин мындай кылыгы жок эле деп::-) Журоктун ушугун албагылачы тан атпай!
+2
alina79
2015-08-26 11:22:58
Ой, кары картандардын пенсиясын жебей тамагына тыгылып олсончу уят жок!
+2
Mech.kg
2015-08-26 12:18:01
Хе хе.Мелис2 качан кармалат
-5
jazgul80
2015-08-26 14:48:57
Mech.kg,сен суйуносунбу кармалса. Кудайым колдоп турса. Мелис әке президент болот
-2
papanstan
2015-08-26 12:24:01
Ээла Чочуп да кеттим
+1
kubat_1973
2015-08-26 13:19:33
Обу жоктонгондун да чеги болуш керек да чочуп кеттим .журогум тушуп калды журогум кынынан чыга жаздады ой ой ай ай оллаа деп артист болуп кетесинер жон эле кошоматчылыктын да чеги болот да акыры антпесенер деле ансыз деле отот кунунор туугандар.
+7
Medina87
2015-08-26 13:39:21
Макала жазууда автор оз аты-жонун псевдоним катары пайдадаланууга болот оз кызыкчылыгы учун. Ал эми бул жерде аты аталбай фамилиясы гана аталып жатат Резонанс да Модага айланып кетпесе бодгону биздин Super.kg де...
+1
adik.01
2015-08-26 14:02:28
Башына атын жазып койсо эчким окубай койотда, газетада иштегендер билетда кантип жазышты, аларга коп окулса болдуда !))
+3
nursultan1
2015-08-26 18:20:21
Мелис не ХХХ дуалап койгонбу тообо
0
admin_portal
2015-08-26 18:43:44
nursultan1 - 3 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
-1
orun
2015-08-26 20:55:37
admin_portal, туура кылдынар банга айдап.
0
bolotbai
2015-08-26 20:57:51
Тооба кылдым Акмат десенер деле жарашмак,Бакиевди ойлоп калмакбыз.Атын жазбай Мырзакматов дегенинерге жол болсун.
0
al-abu-kinesz
2015-08-26 21:09:39
нервим бир козголуп алды го, ( экс мэрге дагы саясий жалаа жапкан окшойт деп)
0
KUMU89
2015-08-27 03:55:12
Мелиске дагы эмне куноо ойлоп таба калышкан депмин. Суротун коруп озумо келдим.
+1
Nur92
2015-09-01 18:13:23
Чочулабай,шашылбай кирип окусаңар өзү эле көзүңөргө илинет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан