25-август күнү саат 15:25 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 257-чакырымында Тойота менен Ауди-А-6 унаасы кагылышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам жабыркаган. Кырсык болгон жерге аталган министрликтин №42-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, жабыркаган адамды унаанын ичинен чыгарып беришкен. Жабыркаган адам "Тез жардам" унаасы менен Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.