Бишкек-Балыкчы унаа жолунда жеңил унаа кырсыкка кабылып, 3 адам жаракат алды
26-август күнү саат 03:15 чамасында Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 10-чакырымында Мерседес Бенц-200 үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, тосмону
сүзүп алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, кырсыктан 3 адам жаракат алды. Жаракат алгандар Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылышты.