№1-Тергөө абагында жаткан Рахимжан Бурадинов тергөөчүлөрдүн кысымынан улам 22-августта
өз оозун тигип алган. 26-августта SUPER.KG'ге Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова аталган жаран оозун дале тигип отурганын кабарлады.
Бурадинов мындай кадамга баруусуна Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү кыйноо жолу менен башка кылмыш иштерди да моюнуна алдырууга аракет кылып жатышканы себеп болгонун айткан.
Бурадинов 2 ай мурун уурулук боюнча кармалып, иши тергелип жаткан.