Мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан II "Ысык-Көл" Эл аралык экономикалык форумунун катышуучуларына кайрылуу жолдоду.
"Биринчи форумдан бери бир жыл өттү, бул аралыкта өлкөбүздүн турмушунда маанилүү өзгөрүүлөр болду. Алардын бири - мамлекетибиздин Евразиялык экономикалык биримдикке кириши. Бул кадам союзга мүчө өлкөлөрдү биргеликте өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзөт. Форумдун катышуучуларынын курамы кеңейип жатканы мени кубантат, бүгүнкү иш-чарага Кытай, Орусия, Казакстан, Түркия, Улуу Британия, Катар жана башка өлкөлөрдүн аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, ишкерлери катышууда. Форумдун алкагында 20дан ашуун макулдашууга кол коюлмакчы. Мунун өзү "Ысык-Көл" форуму эки тарапка тең пайдалуу кызматташууга жана маанилүү чечимдерди кабыл алууга зор аянтча болуп берерин билдирет",- деп айтылат кайрылууда.