Гондураста 16 жаштагы Нэйси Перездин сөөгү жерге берилгенден бир сутка өткөн соң ал өзүнө келди. Бирок аны сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Бул тууралуу 26-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, үч айлык кош бойлуу болуп жүргөн Нэйси Перез өз үйүнөн алыс эмес жердеги атышууну укканда эс-учун жоготкон. Ата-энеси оозунан көбүк чыгып жаткан кызын көрүп, чиркөө кызматкерин чакырышкан. Кызга жин кирип кеткенин болжолдоп, алар түрдүү ырым-жырымдарды жасашкан. Дем албай калганда ооруканага алып барышканда дарыгерлер өлгөнүн кабарлашкан.
Н.Перез бир нече ай мурун турмушка чыкканына байланыштуу аны үлпөт көйнөгү менен көмүшкөн. Эртеси маркумдун күйөөсү мүрзөгө келип, аялы көмүлгөн жерден үндөрдү уккан. Ал туугандарын чакырып, табытты ачышканда Перездин тирүү экени билинген. Туугандары Перезди ооруканага алып барышкан, бирок ал каза болуп калган.
Дарыгерлер кыздын биринчи жолу эс-учун жоготкону катуу корккондуктан болуп, натыйжада жүрөгү токтоп калганын айтышууда.