Орусиядагы кыргыздарды социалдык жактан колдоо боюнча Социалдык фонддун төрагасынын иши талкууланды

Орусияда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жана пенсиялык камсыздоо программасынын ишке ашырылышы боюнча Социалдык фонддун башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 25-августта өкмөттө отчёт берди. 
Маалыматка таянсак, аталган программа мигранттардын социалдык жактан камсыздалышы, эл аралык келишим жана макулдашууларды эске алуу менен алардын жумушка орношуусун жакшыртуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Жыйында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева программаны ишке ашырууда объективдүү себептерден жана мамлекеттик органдардын күнөөсүнөн улам бир катар иштер жасалбай калганын белгиледи. Аткарылчу иш-чаралардын планы кайрадан каралышы керектигин жана азыркы учурдун талаптарына ылайыкталышы зарылдыгын айтты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан