Өлкөдө педагогикалык факультеттерди бүтүргөндөрдүн 30 пайызы гана өз кесиби менен иштейт

"Өлкөдө педагогикалык факультеттерди бүтүргөндөрдүн 30 пайызы гана өз кесиби менен иштейт"- деди бүгүн, 26-августта билим берүү тармагындагы кызматкерлердин Республикалык III съездинде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев. Анын айтымында, бул көрүнүш мугалимдердин жер-жерлерде социалдык коргоого муктаж экенинен кабар берет. Мугалим коомчулуктун талабына жооп бериши керек.
«Өлкөдө педагогикалык факультеттерди бүтүргөндөрдүн 30 пайызы гана өз кесиби менен иштейт. Бул көрсөткүч мындан бир нече жыл мурун 17 пайызды түзчү. Өсүш бар, бирок бул маселени жакшырткан жок. Педагогикалык жаат бүтүрүүчүлөр үчүн кызыктуу болушу зарыл. Ал үчүн алардын билим алуу жана жашоо шартын жакшыртуу маселеси чечилиши керек. 
Учурда жогорку окуу жайларында бюджеттик орундарды карап чыгуу турат, анткени ЖОЖдор бюджеттин эсебинен өлкөгө кереги жок кесиптер боюнча студенттерди окутуп жатышат. Тилекке каршы, бул жерде студент үчүн билим эмес, диплом өзү баалуу болуп калды. Окууну бүткөндөн кийин ата-эне, тууган-уруктар аларды жылуу, акчалуу орундарга киргизишет. Коомчулук мындан улам бюджеттик орундардын болочок мугалимдерге жана дарыгерлерге бөлүнүшүн колдойт»,- деди өлкө башчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан