Токмокто дээрлик 5 айдан бери жарандарды күч колдонуп тоноого шектелип 21, 20 жана 18 жаштагы үч адам кармалды. Бул тууралуу 25-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Чүй ички иштер органдарына 35 жаштагы Б.Ч. кайрылып, 21-августта 20-25 жаштар чамасындагы 4 жигит тоноп кеткенин билдирген. Токмок-Мичурин унаа жолунун 2-чакырымында 1986-жылы туулган С.Р. аттуу агасына 5-6 жолу бычак сайып, бутун байлаган соң Гольф-4 унаасын уурдап кетишкенин кошумчалаган. Факты боюнча тергөө амалдары жүрүп, шектүү катары Чүй облусунун 2 тургуну: 1997-жылы туулган И.А., 1994-жылы туулган А.У. жана Бишкекте 1995-жылы туулган К.Ж. кармалышкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын башка тоноочулук фактыларына катыштыгы бар экени аныкталган.
Маалыматка караганда, алар 21-июлда Токмок шаарынын тургундарынын үйүнө түнкүсүн кирип, үй ээлерин коркутуп, 31 миң сом жана зер буюмдарын уурдап чыгып кетишкен.
Ошондой эле 21-апрелде Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине кирип, үй ээлерин курал менен коркутушкан. 1962-жылы туулган А.Жумагүл, 1959-жылы туулган А.Таалай, 1984-жылы туулган А.Айзада жана 2002-жылы туулган А.Рауль аттуу жарандардын оозун скотчтоп, колу-бутун байлап салышкан. Андан соң 3050 доллар, 92 000 сом жана 58 700 сомдук зер буюмдарды уурдап чыгып кетишкен. Кармалгандарга кылмыш иши козголуп иликтөө иштери жүрүүдө.