“Бишкектин мектеп бүтүрүүчүлөрү кыргыз тилинде сүйлөшпөйт”. Мындай пикирин бүгүн, 26-августта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында билим берүү тармагындагы кызматкерлердин Республикалык III съездинде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев билдирди. Анын айтымында, борбордун орус тилдүү мектептеринде мамлекеттик тилди мугалимдер формалдык түрдө гана үйрөтүшөт.
“Мектеп бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө кыргыз тилин жок дегенде турмуш-тиричилик деңгээлде билиши зарыл, анткени мамлекеттик тилди жакшы билбеген жаштар өздөрүн өз мекенинде бөлөк сезишет. Эртеңки күнү алар чет өлкөгө чыгып кетип жатышат. Анан Кеминдеги дубалга “Биз өзүбүздүн мамлекетте гана бактылуу боло алабыз” деп жазуу калтырышат, себеби чет өлкөгө чыгып, анан кыргыз жеринин баркын билишет. Бул балдар өз мамлекетинде гана бактылуу боло алышат, аларды Орусия, Европада же башка жакта күтүп отурушат деп ойлобогула.
Эгер балдардын жаркын келечегин кааласаңар, анда мамлекеттик тилди жакшы үйрөтүш керек. Ар бир мектеп мугалими жана директору бул нерсеге чоң жоопкерчилик менен мамиле жасашы керек.
Мамлекетибиздин биримдигин кааласак, кыргыз тилин мыкты билишибиз зарыл. Өз жеринин тилин жана тарыхын билбегендер болбошу керек”,- деди президент.