Ошто "мекендештерин алдап, 260 миң доллар акчаны алып качып жүргөн" деген шек менен пакистандык жаран кармалды

Кечээ, 25-августта өткөрүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдамчылык фактысына шектелип пакистандык жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы 26-августта билдирди.

Маалыматка караганда, Пакистандын жараны, 1988-жылы туулган А.Кхан өз мекендештерине Канада, АКШ жана Жаңы Зеландия мамлекеттерине виза жасап берем деп Ош шаарына чакырып, алдап акчасын алып жүргөн. Учурда Ош шаарында анын 17 мекендеши жана Бишкек шаарында 12 мекендеши алданып, жалпысынан 260 000 АКШ долларына зыян келтирилгени аныкталды.

Кармалган жарандын башка дагы ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги иликтенүүдө. Ал Кыргыз Республикасына 2015-жылы май айында Ош шаарына бизнес-виза аркылуу келгени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sagyn91
2015-08-26 16:44:54
Акмак го бул.
0
zamir_kgz
2015-08-26 17:34:58
Биздин мекендештер (кыздар) силерда этият болуунарды суранам.
+2
pakiistanka
2015-08-26 18:09:51
Mmmmmm ponyatno abaylaw kerek ozu. ..
0
nur_92
2015-08-27 11:46:49
5000 АКш доларын мага бере турса болмок машина алып алмакмын(*_-)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан