Бүгүн, 26-августта саат 08:00 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 43-чакырымында Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа менен Лексус үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Анын кесепетинен ошол жерден Хонда Одиссей автоунаасынан 7 адам каза болгон (баары), Лексус автоунаасынан 2 адам жаракат алган. Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токмок шаардык өрткө каршы кызматынан 3 куткаруучу барган. Куткаруучулар барганда каза болгон 3 адам жерде жаткан, куткаруучулар каза болгон 4 адамды Хонда Одиссей унаасынан чыгарышкан. Каза болгондор Кант шаардык өлүк сактоочу жайына жеткирилишкен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Каза болгондор:
1. Орозбеков Азамат Сапар уулу, 12.08.1991-жылы туулган, жашаган жери Ысык-Көл облусу, Түп району, Ак-Булак айылы, Үсөнов көчөсү-3/1, (Хонда Одиссейдин айдоочусу);
2. Андагулова Жаңыл Аманатовна, 17.02.1974-жылы туулган, жашаган жери Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Калинин көчөсү-143;
3. Исаева Чынара Рыскуловна, 1971-жылы туулган, жашаган жери Ысык-Көл облусу, Тоң району, Ак-Өлөң айылы, Эгембердиев көчөсү-72;
4. Касымалиева Анара Эсенбековна, жашаган жери, туулган жылы тактала элек.
Ошондой эле дагы үч адамдын аты-жөнү тактала элек.
Жаракат алгандар:
1. Ильяз Түлеев, 1985-жылы туулган, жашаган жери Бишкек шаары, Манасчы Сагымбай көчөсү-264, (Лексустун айдоочусу);
2. Түлеева Назгүл Турсунбековна, 1963-жылы туулган, жашаган жери Бишкек шаары, Манасчы Сагымбай көчөсү-264, (энеси), Кант шаарынын ооруканасына жеткирилген.