Ош облусунун Чоң-Алай районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн саат 15:57 чамасында болгон. Анын очогу Кашка-Суу айылынан 10 чакырым түштүк-батышта, Дароот-Коргон айылынан 42 чакырым түндүк-чыгышта жайгашып, Кашка-Суу жана Кара-Бак айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен.
Алдын ала маалыматка таянсак, зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.