Орусиянын Краснодар шаарында 26 жаштагы айым жаңы төрөлгөн ымыркайын көп кабаттуу үйдүн чатырына таштап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган айым Кыргыз Республикасынын жараны экени жана Краснодар шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуп жатканы аныкталды. Суракта айым кош бойлуулугун аны менен чогуу жашаган туугандарынан жашырыш үчүн ушундай кадамга барганын айтып берди. Анткени туугандары жыныстык мамиле болгонун билип калышса, аны үйдөн кууп жиберишет деп ойлоп корккон. Айымга карата кылмыш иши козголду. Ал бир жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Ал эми ымыркай ооруканада медициналык жардам алууда.