Жылнаама, 27-август: Мындан 15 жыл мурун Москвадагы "Останкино" телемунарасында өрт чыккан

* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1985-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун, 1991-жылы Кыргыз жер иштетүү илим изилдөө институтунун аспирантурасын, ал эми 2002-жылы Экономика жана ишкердик университетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1985-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы "Ак-Жар" совхозунда агроном кесибинен баштаган. 
Асылбек Жээнбеков 2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси аркылуу V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланып, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болгон. Ал эми 2011-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагалыгына шайланган.
 
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы коомдук жана мамлекеттик ишмер Эльвира Сариева Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Нововознесеновка айылында туулган. 1998-жылы Бишкек гуманитардык университетинин англис жана америкалык адабият адистиги боюнча аяктап, 2002-жылы КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынан менеджмент, бизнес жана экономика адистигин алган. Эмгек жолун 1996-жылы Тышкы иштер министрлигинде мамлекеттик протокол бөлүмүнүн ассистенти катары баштаган. 2012-2014-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Бишкек шаарынын стратегиясы боюнча комиссиясынын төрайымы болуп, 2014-жылдын 4-апрелинде вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ал эми 2014-жылдын 20-декабрынан тартып КРнын Билим берүү жана илим министри болуп иштеп келет.
* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы атактуу советтик хоккейчи Валерий Харламов жол кырсыгына кабылып, 33 жашында көз жумган. 
Мыкты хоккейчи Валерий Харламов 1967-1981-жылдары ЦСКА, 1969-1980-жылдары СССРдин курама командасында ойногон. Ал 1969-жылы "СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери" деп табылган. Валерий Харламов 2 жолку Олимпиада чемпиону (1972, 1976), 8 жолку Дүйнө чемпиону болгон. Ал 1972, 1973-жылдары "СССРдин мыкты хоккейчиси" деп аталган.
* Мындан 15 жыл мурун, 2000-жылы Москвадагы "Останкино" телемунарасында өрт чыккан. Өрттүн очогу 460 метр бийиктикте жайгашып, анын кесепетинен 3 кабат толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүү убагында 300 метр бийиктиктен жоон аркан (трос) үзүлүп кеткенде лифт ылдыйды көздөй катуу ылдамдыкта түшүп, ичиндеги 3 адам каза болгон.
27-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан