АКШда түз эфирде америкалык
WDBJ7 телеканалынын журналистин жана операторун атып кетишти. Бул тууралуу 26-августта чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, алар соода борборунан түз эфирде репортаж жасап жатышканда белгисиз жаран аларды тапанча менен аткылап баштаган. Жыйынтыгында телеканалдын кызматкерлери ошол жерден көз жумушуп, интервью берип жаткан айым жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Полиция кызматкерлери ок чыгарган жаранды унаа менен кубалап жатканда ал өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасап, оор жаракат алды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышкер аталган телеканалда оператор болуп иштеп жүргөн. Ал жумуштан четтетилгенине нааразы болуп ушундай кадамга барганы айтылууда.