Чемпиондор Лигасына катыша турган 32 команда белгилүү болду, арасында казакстандык клуб да бар

27-августка караган түнү ири футболдук беттеш - УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тандоо туру толугу менен аяктады. Бул күнү мелдешке катыша турган 32 команда белгилүү болуп, командалар чүчү кулак ташталуусун күтүшүүдө. Кошумчалай кетсек, чүчү кулак бүгүн 20:45те (Бишкек сааты) орун алат. Анда 32 команда төрт-төрттөн 8 тайпага бөлүштүрүлөт. Бул баскычтагы башкы окуя казакстандык клуб “Астананын” Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында ойноо укугун алганы болду. Казак футболчулары тандоо турунда Кипрдин “Апоэл” командасын утушту (жалпы эсеп 2:1).

Чүчү кулактын ыңгайы үчүн 32 команда 4 себетке (корзина) бөлүштүрүлдү:

1-себет:Барселона” (Испания), Челси” (Англия), Бавария” (Германия), Ювентус” (Италия), Бенфика” (Португалия), ПСЖ (Франция), Зенит” (Орусия), ПСВ (Голландия).

2-себет: Реал” (Испания), Атлетико” (Испания), Порту” (Португалия), Арсенал” (Англия), Манчестер Юнайтед” (Англия), Валенсия” (Испания), Байер” (Германия), Манчестер Сити” (Англия).

3-себет: Шахтёр” (Украина), Севилья” (Испания), Лион” (Франция), Динамо (Украина), Олимпиакос” (Греция), ЦСКА (Орусия), Галатасарай” (Түркия), Рома” (Италия).

4-себет: БАТЭ (Беларусь), Боруссия, Германия), Вольфсбург” (Германия), Динамо (Хорватия), Маккаби” (Израиль), Гент” (Бельгия), Мальме” (Швеция), Астана” (Казакстан).

Кошумчалай кетсек, тайпалык баскычта 1 команда калган 3 команда менен экиден оюн (үйдө-конокто системи боюнча) өткөрөт. Тайпалык баскычтагы алгачкы беттештер 15-16-сентябрга пландалса, акыркы беттештер 8-9-декабрда болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Adi.Avazbekov
2015-08-27 10:17:21
BiZdin komandalar kachan katywat eken a
-2
bazarkyl
2015-08-27 10:20:15
Астана командасына чын-чынында ийгилик! керек болот тайпада.
0
arda
2015-08-27 10:22:29
Булар эвропа командалары биздикилер катыша албайт. Биздикилер азия чемпиондор лигасыга катышуусу мумкун.
+1
uran98
2015-08-27 10:24:29
nege real 1 karzinaga tushpodu
+1
zaman2
2015-08-27 11:32:50
uran98,antkeni real ispania ligasynda 2 oorundu eelep kalgany u4un 2korzinaga tuwtu! 1 korzinaga tolko ar bir mamlekettin chempiondoru ele tuwot!
0
ulik-89
2015-08-27 16:33:40
uran98, биринчи корзинада жалан оз олколорунун чемпиондору
0
Tata_Tabaldiev
2015-08-27 10:35:57
Цска Украиналык командаларга тушпойт экен. Зенит тушуп калса Орусия менен Украинанын фанаттары кырылышат го
0
ulik-89
2015-08-27 16:35:29
Tata_Tabaldiev, уефа тыю салган эки олконун командалары бири бири менен ойной алышпайт
0
zaman2
2015-08-27 11:31:20
kazaktar molodcy
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан