Ошто доктордук диссертацияны коргоо үчүн 1000 доллар пара талап кылган профессор кармалды

Ош мамлекеттик университетинин кафедраларынын биринин башчысы доктордук диссертацияны коргоо үчүн 1000 доллар пара талап кылган. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош облусунун тургуну аталган окуу жайдагы коррупция боюнча кайрылган. Ал илимий материалдын үстүнөн иштеп жатканын айтып, Ош мамлекеттик университетинин кафедрасынын башчысы диссертацияны коргоп бериши үчүн андан 1000 доллар талап кылганын билдирген. 

Бул факты боюнча "пара талап кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 25-августта кылмышка шектүү жаран 300 доллар пара алуу учурунда кармалган. Ал профессордук наамына ээ болгону аныкталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kuba502
2015-08-27 15:21:56
Ким экенин жазбайсынарбы
0
nur-patriot
2015-08-27 15:38:17
kuba502,ким экнин жазса болбойт ко дейм. тергоо жүрүп жатканына байланышту
0
Mars55
2015-08-27 15:32:31
атын толук аташ керек болбосо биз ишенбейбиз же 1000доллар талап кылгандан 2000 доллар алып бошотуп койдубу
0
kgnur90
2015-08-27 16:11:34
ОшМУда 4,5 жыл мурун бир доцент айым пара алып жаткан жеринен кармалган бирок бир жумага жетпей кайра акталып чыгып кеткен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан