Чүй облусунда жаран колониянын аймагына баңгизат өткөрүүгө аракет жасады. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран 1993-жылы туулганы аныкталды. Анын жанынан кара куурайдын жыты бар, жашыл түстүү, жалпы салмагы 4 килограммга барабар зат табылды. Бул боюнча кылмыш иши козголо элек. Кылмышка шектүү жаран камакка отургузулду.