Өткөн жумада баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан 41 кылмыш аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн рейддин негизинде 20-август күнү Токтогул районунун тургуну кармалган. Анын жанынан 60 даана ширеңкенин кутучасына салынган гашиш табылган. Анын жалпы салмагы 1 килограмм болгон. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.