Өзгөн районунда 4 үй толугу менен күйүп кетти

26-август күнү Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө 4 үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 
Маалым болгондой, аталган бул төрт үйдүн биринен чыккан өрт ага жакын турган үч үйгө уланып кеткен.    
1. Ленин көчөсү, №168-үй, ээси С.Раимбаев. 108 чарчы метр үй толугу менен күйгөн.

2. Ленин көчөсү, №172-үй, ээси А.Алимов. 152 чарчы метр тунуке менен жабылган чатыры күйгөн.

3. Ленин көчөсү, №170-үй, ээси К.Алимова. 150 чарчы метр тунуке менен жабылган чатыры күйгөн.                                                             

4. Ленин көчөсү, №174-үй, ээси Ш.Алимов. 114 чарчы метр тунуке менен жабылган чатыры күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kadamjai90
2015-08-27 18:02:03
Куйуп буткучо карап отурабериппи пажарни жок бекен
0
Parish
2015-08-27 18:34:02
кээ бир пожарниктер очкондон кийин келет да.
0
Medina87
2015-08-27 19:29:17
Биздин жердеш озбектер биринин уйуно бири жармаштырып салышат уйлорун "Махалла" дешип.Анан албетте, орт биринен бирине отот. Бул жерде провокация эмес болгон чындыкты жазып жатам. Пожарниктер келгенче карап турушпаса да орттоноору орттонуп болуптур. Эми уйлорун Страховкалашкан болсо Окмотубуз жардам берет. Кудайга шугур каза болгондор жок экен!
+2
Beka1986
2015-08-27 21:57:30
Ага-ини бир туугандардын уйу окшойтго, Алимовтор
+1
kobra86
2015-08-28 00:38:15
чын эле уйлордун аралыгын ото эле жакын курушат орт коркунучун эске алышпайт. Бирок пешенесине жазылса айла жок! жамандык артынан жакшылык келет дейт , бул сыноо
0
kepka
2015-08-28 11:59:33
Пажарныйлардын коп учурда суусу тугоп калат же шлангасы жетпей,калат ошол себептен орт очпой калатда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан