Нарын облусунда чек ара режимин бузган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Ат-Башы районунун Шор-Булак тилкесинде чек ара режимин бузган аталган райондун тургуну кармалган. Ал чек ара чөлкөмүндө эч кандай уруксат документтери жок жүргөн. Учурда кармалган жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул төлөдү.