Кытайда 139 адамдын өмүрүн алган ири жарылууга байланыштуу 11 чиновник кармалды

Тяньцзинь шаарындагы ири жарылууга байланыштуу Кытайдын бийлиги тарабынан 23 адам кармалды, алардын ичинен 11 адам мамлекеттик чиновниктер. Бул тууралуу аталган өлкөнүн прокуратурасынын расмий сайтына жарыялангандыгын 27-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, кармалгандардын арасында учурдагы мамлекеттик кызматкерлер, мамлекеттик компаниянын кызматкерлери жана шаардык порттун башкармалыгы бар.

"Кампанын ээлеринин мыйзамсыз аракеттерине жооптуу жетекчилер чара көрүшкөн эмес. Өз милдетин тийиштүү деңгээлде аткарышпай, эреже бузуулар менен ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат беришкен",- деп жазылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Тергөөчүлөр кооптуу химиялык заттарды жана цианид натрийин сактоого кампанын ээлери кантип уруксат алышканын текшеришүүдө. Мыйзамга ылайык, уулуу заттар сакталган жер менен турак үйлөрдүн ортосунда аралык сакталышы керек. Тяньцзинь шаарындагы кампа бул эрежени да сактаган эмес. 

Иликтөөнүн жүрүшүндө кампада уулуу заттар нормадан көп сакталганы белгилүү болгон. Пекиндин түштүк-чыгышында жайгашкан Тяньцзинь шаарындагы кампада ири жарылуу 12-августта орун алган. Кырсык порттун аймагындагы контейнерлерде жарылуучу заттардын күйүп кетишинен улам чыкканы айтылууда. Жалпысынан 139 адам каза тапса, 700дөн ашуун адам жаракат алган. Ошондой эле 6 миңге жакын жашоочу өз үйүнөн көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
hairullo
2015-08-27 17:47:49
Эми ит аткандай атып салат
+1
Talgat87
2015-08-27 22:54:57
hairullo,итти да бекер атат,булар ошол атылуучу октун акчасын толошот экен.
+1
zia8787
2015-08-28 09:32:09
Talgat87, Тологон сон атат экенби
0
Nur1k_
2015-08-28 18:02:33
zia8787, ооба иштетип октун акчасын чыгарып алган соң атып салышат.
0
hairullo
2015-08-27 23:35:18
Товба кылдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан