Испанияда 70 жылдан бери өткөрүлүп келген "Помидор уруш" фестивалы башталды

Бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон помидор уруш жыл сайын августтун акыркы аптасында, шаршемби күнү Испаниядагы Буньоль шаарында өтөт. Кечээ, 26-августта майрамдык фейерверк, ыр-бий, акысыз таттуулар менен бирге фестиваль старт алды. 

1945-жылдан бери өткөрүлгөн фестивалга быйыл 70 жыл болду. Бир аптага созулган иш-чаранын ачылышына 22 миңден ашуун адам катышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, уюштуруучулар 150 тонна помидор даярдашкан. Помидор салынган жүк ташуучу унаалар Плаза-дель-Пуэбло шаарынын борбордук бөлүгүнө алынып келет. Атайын белги берилгенден кийин катышуучулар помидор менен бирин-бири уруп башташат.

Мындан 70 жыл мурун Буньоль шаарында жайдын аяктаганына карата өткөрүлгөн майрамдык парадда катышуучулардын бири жанындагы адамды түртүп кулатып алган. Жер-жемиштерди саткан жерде тамашалашып отуруп бири-бирине помидорлорду ыргытышкан. Полиция кызматкерлери келип чыгымды төлөөгө мажбур кылышканы менен, бир жылдан кийин ошол эле тамашадан чыккан уруштун катышуучулары өздөрүнүн помидорлору менен келип, помидор менен урушууну салтка айлантып алышкан. 1950-жылдан тартып бийлик өкүлдөрү бул иш-чарага каршылык көрсөтүүнү токтоткон.

Испаниядагы "Помидор уруш" фестивалы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Liliia
2015-08-27 19:06:36
орус ойундагын кылат дегендей обу жок бекерчилердин иши да
+1
aydarken
2015-08-27 22:09:36
Жийиркеничтууго тооба.
+1
Nur.88
2015-08-27 23:30:04
Бекер ысырап кылышат экен да, биз салат жабалбай атсак. Аны кайра жууп тазалаганды айт тообо...
+2
hairullo
2015-08-27 23:33:48
Йе Матулло маттулло Томатулло дегендей Нематулло Барып келет окшойбуз
0
Mars55
2015-08-27 23:48:09
акчасы коп бай мамлекет да
+1
Otkurbek
2015-08-28 00:16:09
Элде тынчылык токчулук болсо ушундай болот. Качан биздин эл ушунтип жыргап калат экен
0
Kunbeken
2015-08-28 09:09:28
Соун майрам экен элдин жыргаганын коруп мен да кошулуп кулуп алдым .Бирок жогорудагылар айткандай бул жемишта жей турган убалы да бар бир жагынан.
0
yrysbek
2015-08-28 11:23:25
Эмнени кар кылсан, ошого зар болосун дейтко бир кун келет ошол помидор (томат) испаниялыктардын козунун алдынан отот. Аллах бар да себеби
0
elif
2016-01-13 03:38:47
Koychu ey, kanga chylanganday bolup kalyptyr
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан