Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн мурунку жетекчиси "мамлекетке 72 миң сом зыян келтирди" деп айыпталууда

Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Ж.Сга "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал 2013-жылы жогоруда аталган бөлүмдүн башчысы болуп турганда Нарынды өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 72 миң сомду өз эсебине өткөрүп алган. Ошондой эле 92 миң сомго спорттук кийимдер сатылып алынганы жөнүндө жалган маалымат менен каржылык отчётту түзгөн. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chingiz1987
2015-08-27 18:58:47
мамлекеттик жумушта иштегендердин баары алдамчылык жана пара м.н жан багышат деп ойлойм!!!
+1
МАЛЫШ
2015-08-28 09:21:55
Уай энен башкалар миллиарддап жеп атышат гой ошолорду чукушса кичине!!!
0
imanchik
2015-08-28 09:24:43
72 мин сом)) хеех..ак уйдогулор миллионду жесе да эч ким унчыкпайт го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан