Жылнаама, 28-август: Мындан 78 жыл мурун "Toyota" унаа чыгаруучу компаниясы негизделген

* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы кыргыз эстрадасында жаңы толкунду баштоочулардын бири, “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2005-жылдын мыкты ырчы мырзасы” наамын алган Темир Назаров Ош облусунда туулган. Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинде жана ушул эле университеттин искусство жана эстрада бөлүмүндө билим алган. 2004-жылы "Туулган жер" аттуу ыры менен популярдуулукка жеткен.
 
* Мындан 78 жыл мурун, 1937-жылы "Toyota" өз алдынча унаа чыгаруучу компаниясы япон улутундагы Киитиро Тоёда тарабынан негизделген. Аталышын атасы Тоёданын ысымынан коюуну туура көргөн. Киитиро Тоёда эмгегин 1934-жылы "А" тибиндеги моторду чыгаруудан баштаган.
* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы япониялык геймдизайнер Сатоси Тадзири Япониянын Матида шаарында төрөлгөн. Сатоси Тадзири IGN агенттигинин версиясы боюнча дүйнөдөгү эң мыкты делинген 100 геймдизайнерлердин катарына кирген. Ал белгилүү “Покемон” анимесинин автору катары белгилүү болгон.
* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы АКШнын Германиянын аймагында жайгашкан "Рамиштайн" аскердик аба базасында авиашоу учурунда кырсык болгон. Италиянын учуучу тобу чебердигин көрсөтүп жатканда 10 учактын үчөөсү кагылышып, анын бирөөсү көрүүчүлөргө кулап түшкөн. 70 киши каза болуп, 400гө жакын адам ар кандай жаракат алган.
* Мындан 22 жыл мурун, 1993-жылы Тажикстандын Хорог шаарында учкучтар каршы болгонуна карабай террорчулар 81 кишини отургузушкан 28 орундуу Як-40 учагы учарда көтөрүлө албай ташты сүзүп алган да, дарыяга түшүп кеткен. Анын натыйжасында 82 адам көз жумуп, 4 киши тирүү калган.
28-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aravan
2015-08-27 20:37:03
асанбай жакта кампаниясы бар беле
0
Mongol1155
2015-08-27 20:38:22
Дуйнодогу эн мыкты компаниялардын бири.Кыргызстанда ушундай бир эле компания болгондо гана....
+4
hairullo
2015-08-27 23:29:55
Ошол ийгилик бир адамдын ото катуу каалоосу менен эле болгон.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан