Мугалимдердин саламаттыгын чыңдоо фонду түзүлөт

27-августта премьер-министр Темир Сариев билим берүү кызматкерлеринин Республикалык III съездинин жабылуу аземинде Билим берүү жана илим министрлигине караштуу атайын фонд түзүлө турганын билдирди. Анын айтымында, ал фонд өлкөнүн билим берүү тутумунда эмгектенгендердин саламаттыгын чыңдоо маселеси менен алек болот. 

"Чындыгында, мугалимдердин жана билим берүү тутумунун кызматкерлеринин саламаттыгын чыңдоо маселеси олуттуу түрдө каралбай келген. Эс алуу борборлоруна жана ден соолукту чыңдоочу жайларына жолдомолор калыс бөлүнгөн эмес. Мен сиздердин алдыңыздарда Билим берүү жана илим министрлигине билим берүү кызматкерлеринин Профсоюздук федерациясы менен биргеликте аталган маселе боюнча тийиштүү сунуш киргизилишин, ал эми Каржы министрлигине бул фондду каржылоо булактарын жана механизмдерин аныктоо тапшырмасын берем",- деди өкмөт башчы.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан