Кыргыз мамлекетинде ар бир айыл өкмөткө экиден күнөскана куруу тапшырмасы берилди

Жаңы ыкмаларды жайылтуу менен айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү керек. Муну премьер-министр Темир Сариев 27-августта күзгү эгин жыйноо ишин талкуулаган селектордук жыйында билдирди. Анын айтымында, бардык аймактарда күнөсканаларды куруу жана тамчылатма жол менен сугаруу ыкмасын жайылтуу зарыл болуп турат. Бул өз кезегинде дыйкан-фермерлердин тапкан пайдасын арттырып, өндүрүмдүүлүктү жогорулатат. 

Мындан улам ар бир айыл өкмөтүнө экиден күнөскана салуу тапшырмасы берилди. Аймактарда жашылча топтоочу кампаларды жана мал союучу жайларды салууга өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын да бергенин өкмөттөн билдиришти.

“Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө эт продукциялары, жашылча-жемиштер стандарттарга жооп бербесе киргизүү кыйын болот. Андыктан мал союучу жайларды жана жашылча топтоочу кампаларды курууга маани берүү керек”,- дейт Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан