Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 4 өрт болгон.
Кадамжай районунун Чолуубай айылында 6 жаштагы кыздын от менен болгон шоктугунан улам 5 тонна чөп күйүп кетти.