Кыргызстандык жаш таланттар Казакстанда өткөн сынакта ийгилик жаратышты

4-ноябрдан 7-ноябрга чейин Алматы шаарында өткөн  "Ак көгершин" IX сынагында Кыргызстандын атын коргоп барган жаш таланттар байгеге ээ болуп келишти. Сынакка жалпысынан 900 жаш талант катышып, "Хореография", "Вокал", "Элдик аткаруу", "Балдар модасы" номинацияларында ат салышты. Жыйынтыгында 18 катышуучунун ичинен "Балдар модасы" номинациясында кыргызстандык Анара Улугбек кызы жеңүүчү деп табылды. Ошондой эле "Дизайн мода" театры мода көргөзүү боюнча 1-орунга татыды. Ал эми "Хореография" номинациясы боюнча 85 катышуучунун ичинен Ариана Касымбекова биринчи жана Эльмара Таалайбекова үчүнчү даражадагы дипломдор менен сыйланышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан