Жайыл районундагы жол кырсыгынан 51 жаштагы жаран каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-август күнү саат 21:00 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 184-чакырымында болгон. Анда 29 жаштагы Ж.Р. аттуу айдоочу Фольксваген Гольф 4 унаасы менен жөө адамды сүзүп алган. Анын кесепетинен 51 жаштагы К.М. ошол жерден каза тапкан. Учурда унаа айып жайга токтотулуп, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.