Пара алып жаткан жеринен кармалган Аламүдүн районунун прокурору эки айга камалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 25-августта Аламүдүн районунун прокурору К.М. жана анын орун басары Ж.У., жардамчысы Д.М. 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалышкан. Алар Көк-Жар айылындагы турак үйлөрдүн бирин сүрдүрө турганын айтып коркутуп, үй ээсинен 20 миң доллар талап кылышкан.
Кечээ, 27-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, Аламүдүн районунун прокурору К.М. жана анын орун басары Ж.Уну 2 айга камоо чечимин чыгарды. Ал эми жардамчысы Д.М. үй камагына чыгарылды.