
* Мындан 173 жыл мурун, 1842-жылы Британия менен Кытай мамлекеттеринин ортосунда жүргөн Биринчи апийим согушу "Нанкин келишими" менен жыйынтыкталган. Анын натыйжасында Кытай Англияга Гонконгду берип, Британия кемелери үчүн беш портун ачып, 23 миллион доллар аскер контрибуциясын төлөгөн.

* Мындан 57 жыл мурун, 1958-жылы америкалык ырчы, бийчи жана композитор
Майкл Жексон Гэри (Индиана штаты, АКШ) шаарында туулган. Үй-бүлөдө жетинчи бала болгон. Ата-энеси Жозеф жана Кетрин Жексондор балдарын катуу тартипте кармашкан.
Чыгармачылыкты Майкл 1964-жылы баштаган.
Поп-музыканын тарыхында эң ийгиликтүү ырчылардын сап башында турган Майкл Жексонду "поп-музыканын падышасы" деп аташкан. Ал 15 "Грэмми" жана башка жүздөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Майкл Жексон "Гиннесстин рекорддор китебине" 25 жолу кирген. Мисалы, 1985-жылы ырчынын "Thriller" деген альбому жарык көргөн. Ошол альбому 104 миллион диск менен чыгып, дүйнө жүзү боюнча эң көп нускалуу альбом катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Майкл Жексон 2009-жылы расмий түрдө "Американын легендасы жана музыканын иконасы" деп жарыяланган. "Поп-музыканын падышасы" 2009-жылы 25-июнда 50 жаш курагында Лос-Анжелестеги үйүндө каза болгон. Ал ооруну сездирбөөчү дарыны ашыкча ичип алганы белгилүү болгон.

* Мындан 43 жыл мурун, 1972-жылы түштүк кореялык актёр
Пэ Ёнг Чжун Сеулда туулган. Ал Сонгюнгван университетинин сүрөт искусствосу факультетин бүтүргөн. Пэ Ёнг Чжун тасмадагы дебютун 1994-жылы баштап, 1999-жылга чейин түрдүү сериалдарга тартылган. Бирок окуусуна байланыштуу убактылуу кино чөйрөсүнөн четтейт. 2002-жылы “Кышкы соната” сериалына тартылып, экранга чыккандан кийин бүт Азияга таанылат. Атак-даңкка бөлөнгөн Пэге чет элден көптөгөн сунуштар түшүп, Кореядан Японияга көчөт. “Кышкы соната” тасмасындагы Кан Жун Сандын ролу аны “Корея толкунунун” башкы фигурасына айланткан. Пэ Ёнг Чжун “Жаңжал”, “Ата”, “Жупуну жаштык”, “Алгачкы махабат” жана башка тасмаларда роль жараткан.

* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Бразилиянын Сан-Паулу шаарында атактуу футболчу Пелеге эстелик тургузулган. Эстелик “Ювентус” футбол клубунун стадионунун кире бериш жерине орнотулган. Аны орнотууга Пеленин бул стадиондо 50 жыл мурун өзүнүн алгачкы мыкты голун киргизгендиги себеп болгон.