
* Мындан 48 жыл мурун, 1967-жылы ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары, генерал-майор
Курсан Асанов Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Казакстандын Зайсан шаарындагы чек ара бөлүгүнүн күжүрмөн отрядында кызмат өтөгөн.
Билими жогорку, 1998-жылы Ош мамлекеттик университетин, 2004-жылы КРнын ИИМ академиясын юрист адистиги боюнча бүтүргөн. 2010-жылы Курсан Асанов “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “Жылдын адамы” деп табылган.

* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары
Гүлнара Дербишева “7 миң доллар пара алды” деп шектелип УКМК тарабынан кармалган. Ага карата кылмыш иши козголуп, ал чет элдик бала асырап алуучу компаниялар менен келишим түзүү иштериндеги коррупциялык аракеттери үчүн айыпталган.
Ал эми 2014-жылы 16-апрелде Гүлнара Дербишева Биринчи Май райондук соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылып, бирок анын эң кичүү баласы 10 жашта болгондугуна байланыштуу жаза мөөнөтүн 4 жылдан кийин өтөмөй болгон.
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы америкалык
Дэвид Минан 45 чакырымдан ашуун жерди чечётка бийин 7 саатта бийлеп өтүп дүйнөлүк рекорд койгон. Нью-Жерси штатындагы Ред-Бэнк шаарынын көчөлөрү менен бийлеп өткөн Дэвид Минан буга бир нече жыл даярданган.

* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы Уэльстин тактысына мураскер ханбийке
Диана 36 жашында автокырсыктан каза болгон. Ханбийке Диана 1961-жылы 1-июлда Англияда граф Олтер Спенсердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Толук аты-жөнү - Диана Френсис Спенсер.
Диана 6 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, кичинекей кыз агасы менен атасынын колунда калышат. "Жаңы Англия" аттуу окуу жайда окугандан кийин кичинекей Ди Францияда бир нече жыл жашаган. Ал жерден психологдун окуусун окуп, кайрадан бир кездерде өзү окуп бүтүп кеткен "Жаңы Англияга" мугалим болуп орношот. Ошол жерден Англиянын 21-ханзаадасы Чарльз менен таанышат. Өзүнөн он эки жаш улуу Чарльз менен төрт жыл жылуу мамиледе жүрүп, 1981-жылы 29-июлда баш кошушат. Түгөйлөр 1982-жылы 21-июнда Уильем, ал эми 1984-жылы 15-сентябрда Гарри аттуу эки уулдуу болушкан. 1990-жылдары Чарльз менен Диананын мамилелери бузулуп, 1996-жылы расмий түрдө ажырашышкан.
1997-жылы 31-августта Парижди көздөй лимузин менен келе жаткан Диана Френсис Спенсер жана анын досу ишкер Доди Аль-Файэд экөө күтүүсүз жол кырсыгына кабылып, өмүрү менен кош айтышат. 1-8-сентябрь аралыгында Букингем, Сент-Жеймс жана Кенсингтон сарайларында Диананын элесине арналып жалпы салмагы 10-15 тоннага жете турган 5 миллион гүлчамбар коюлган. Гүлдөр каргашалуу кабар тарагандан тарта эле алынып келине баштаган. Сент-Жеймс сарайында эле көңүл айтуулар жазылган китептердин саны 43кө жеткен. 1997-жылдын 6-сентябрында акыркы сапарга узатуу салтанатын көргөндөрдүн дүйнө боюнча саны 2,5 миллиард адамды түзгөн. 36 жашында көз жумган Диананын сөөгү Нортхэмптонширге коюлган.