Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын 2026-аскер бөлүгүнүн 20 аскер адамына үйдүн ачкычтарын тапшырды (фото)

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Мамлекеттик чек ара кызматынын 2026-аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн салынган көп кабаттуу үйдүн ачылышына катышты. 20 батирлүү бул үйдүн ачкычтары аталган кызматтын 20 аскер адамына тапшырылды. Ошондой эле президент аталган жайга спорттук аянтча жана инвентарь алуу үчүн 500 миң сом бөлүп берди. Өлкө башчы салтанат ээлерин үйлүү болушу менен куттуктап, мындай иш-чаралар эми сентябрь жана октябрь айларында, ошондой эле 2016-жылы да уланарын айтты.
"Мен өзүм жаш кезде ижарага үй алып жашагам. Ошондуктан сиздердин абалыңыздарды жакшы түшүнөм. Адам өзүн качан бактылуу сезет? Качан жумуштан чыгып өз үйүнө барып, жылуу-жумшак отуруп тамак ичкенде. Мен билем, үйү жок жүргөн чек арачылар дагы эле көп, алардан мамлекет каражат аябашы керек. Учурда өкмөт бул маселени түшүндү",- деди президент.
Мындан тышкары Атамбаев үй-бүлөсү барлар үчүн 1 бөлмөлүү батир тардык кыларын белгиледи. "Ушул аскер бөлүгүндө турган эски имараттарды сүрдүрүп, алардын ордуна дагы үй салуу керек. 1 бөлмөдөн эмес, 2-3төн кылып, ал эми 1 бөлмөлүүгө бойдокторду көчүрүш керек",- деди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан