ЭЛДИК КАБАР: Ысык-Көлдүн жээги таштандыларга толуп кетти

Ысык-Көлдүн жээги таштандыларга толуп кеткенине тынчсызданган окурман бүгүн, 29-августта SUPER.KG'ге Whatsapp аркылуу кайрылып, эс алуучулар тазалыкты сактабай, Ысык-Көлдү булгап жатышканын айтты. "Эс алууга келгендер таштандыларды ар кайсы жерге ыргытып кетишет. Анысы аз келгенсип, жергиликтүү тургундар да Ысык-Көлдүн айланасына малдарын жайып, көлдү жайыт катары пайдаланышууда. Бул чет өлкөдөн келген эс алуучуларды ирээнжитип жатат",- деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nusii
2015-08-29 14:09:07
Бул уят жалпы Кыргызстанга!!! Туристтер Ысык-Колго келбей эле, таштанды колго келгендей болот. Тезинен тазалаш керек!!
+2
sagyn01
2015-08-29 15:01:59
Nusii, туура эмес жазганында уят, жалбы эмес жалпы болот
0
zhykyo
2015-08-29 14:25:56
Колдо бар алтындын баркы жок таштандынын ордунда $$$ жатса эчак эле тазалап коюшмак таптаза кылып туну менен ширенкенин жарыгы менен
+1
sagyn91
2015-08-29 16:16:03
zhykyo,
Туура айтасыз. Тазалап коюшса болмок ошол жерде жашаган жергиликтуу тургундар.
0
Rifle
2015-08-29 18:12:08
sagyn91, неге жергиликтуу тургундар тазалайт? Ошол жерде бизнес кылгандар тазаласын. Эс алгандар тазаласын.
-1
fanatka19
2015-08-29 20:37:17
Ал тазаласын,бул тазаласын дебей ар бир эс алуучу адам өзүнүн артын тазалап кетиш керек.
0
nura.177
2015-08-29 22:04:46
Эс алганы келгендер, бизнес кылгандар ар бир адам озунун артынан ыргытпай тазалап кетсе, жок дегенде, ошол жерди акча толоп бсо да тазалатыш керекда жергиликтуу бийлик. Биз бирок европадай таза жашаганга, мусор ыргытпаганга али бизге кооп барго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан