ЭЛДИК КАБАР: Аксыдагы Сары-Кашка айылына таза суу чыгарылды

Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Кашка айылында 600 кожолуктагы 3000 калкы бар эл таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу 29-августта SUPER.KG порталына билдирди. Ал аталган айылда 30 жылдан бери таза суу көйгөйү болуп келгенин айтат. "Айылдын эли 7 чакырым алыстыктагы арыктан суу ташып ичип келген эле, ал арыктан мал да сугарылчу. Эми минтип айылга таза суу чыгарылып отурат. Суу түтүктөрү 40 жылдык чыдамдуулукка ылайыкташкан экен. Ал эми кеткен каражаттын 500 миң сомдон ашыгы эл тарабынан жыйналып, калганы демөөрчүлөр тарабынан берилген",- деди ал. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
munara.11.
2015-08-29 19:39:04
админ элдик кабарга жоноткон кабарым неге чыкпады маанилуу эле болчуго
0
aikol87
2015-08-29 22:11:37
Коп тукурсо кол болот.азаматтар.
+2
skatoruk
2015-08-31 09:10:01
Сары кашкалыктар куттуктайм !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан