ЭЛДИК КАБАР: Оштогу чоң көчөлөрдүн биринде жол жарыктандыруучу чырактар чак түштө күйүп турат

Ош шаарындагы Монуев көчөсүндө жарыктандыруучу чырактар чак түштө да күйүп турат. Окурман бул тууралуу 30-августта Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады. "Аталган көчө жараксыз болуп калгандан кийин жаңы асфальт төшөлүп, жарыктандыруучу чырактар орнотулуп, ушул жылдын 1-июлунда ишке берилген эле. Эми минтип жарыктандыруучу чырактар чак түштө да өчүрүлбөй турат",- деди ал.  

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
ELIMA91
2015-08-30 17:13:36
Иий жаман болгон турбайбы
-1
Mikella
2015-08-30 17:44:53
маанилуу жанылыктардан жазгылачы
-3
mark2
2015-08-30 17:47:34
Тууууй ата аябай жакшы жанылыкко тел берсенер болмок екен
-8
killer-star
2015-08-30 18:14:27
неси маанисиз болуп атат?тушунгон адамга маанилуу эле.бул деген мерия кызматкерлеринин шалакылыгы толугурагы Айтмамат К.дин
+12
beka1207
2015-08-30 18:21:23
Бул кабардын мааниси суубуз аз,электр энергиябыз жетпей атат деген койгойдон келип чыккан....электр энергиясын бейсарамжал колдонуу болуп атат
+14
Bek94
2015-08-30 18:35:44
Ии анда барып өчүрүп келели унутуп калышса керек да
-3
Nadir27
2015-08-30 18:49:44
Бул кочо Монуев кочосу Оштон киргенде эле элдмнк козу тушот центральный кочолордун бири.Кантип ошону куйнузуп койушту экен.
+4
aslan_akjol89
2015-08-30 18:58:27
Аа болду уже,мен тушундум.Анткени,Датка-Кемин 500 кВ ишке кирди,ток кенен,энергетикалык козкарандысыздыкка жеттик дегендей да)))
+4
edu.kg.
2015-08-30 20:01:42
aslan_akjol89, туура айтасын,ажобуз баш болуп мактанып атабыз датка кеминди,эчкимге коз каранды эмеспиз кааласак чак тушто да очурбойбуз бизде эл.энергия ашып турат. Ысырап кылбай колдонсок жакшы болмок,кыш келгенде темселем аркимден свет берчи дебестен. Ысырап колдонгон светтин акчасын баарибир элден чыгарып алат,уурусу кучтуу болсо ээсин доого жыгат деген ушул.
+4
ulik-86
2015-08-30 20:07:49
балким ремонт
+1
Nur.88
2015-08-30 20:43:16
Мындайлар коп эле,жалабатта да ушундай корунуш.
+2
friendwipkg
2015-08-30 23:28:13
жаңы орнотулган болсо, демек текшерүү иштери жүрүп жатат.
-1
aiturgasha
2015-08-30 23:45:19
ушинтип эле элдик кабарга чыгарып тим болбостон , ошол кабардагы проблема кимге тиешелуу болсо ошонун натыйжасын дагы караш керек. мисалы чырак очпой турса мэрге, мусор кочолордо жатса шаар тазалыгы боюнча иш алпарган адамга кайрылыш керек. ии ушундай болгон турбайбы депле окуп койбостон
+4
7.patriot
2015-08-31 01:12:37
Мындай учур двайыма эле болот Ошто
0
depu
2015-08-31 07:51:20
Лампочкаларын алмаштырып жатышат,сынган чырактарды. Сотка уттам деп арзан кабарларды жибербегилечи.
0
tyratbek
2015-09-01 01:34:07
светти очуруруп койсо дагы жакпайт куйгузуп койсо жакпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан