Бүгүн, 28-февралда саат 11:00 чамасында Токтогул районундагы Торкент-Сары-Камыш унаа жолунун
154-чакырымында жер көчкү түштү. Көчкүнүн көлөмү 1800 метр куб экенин ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Буга байланыштуу аталган унаа жолу убактылуу жабылды. Учурда көчкүнү тазалоо иштери улантылууда.