"Ата Мекен" фракциясы Кыргызстандын сырттан карыз алуусу боюнча мыйзамды колдогон жок
Бүгүн "Ата Мекен" фракциясы Кыргызстандын сырттан карыз алышына байланышкан мыйзам долбоорун колдобоо чечимин кабыл алды. Колдоо таппаган бул мыйзамда "Кыргызстан өзүнүн карызынын 50 пайызынан ашкан өлчөмдө карыз алганга болбойт" деп белгиленген. Ата Мекенчилер бул мыйзам өлкөнү чектей турганын айтышты. Депутат Бактыбек Калмаматов "Биздин тышкы карызыбыз 2 миллиард болсо, анда 1 миллиардан ашык өлчөмдө кырыз ала албай калабыз", дейт.